28-февралдан 2-мартка чейин Улуттук банк 37,1 млн. сомго 6,4 килограмм алтын куймаларын саткан. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Анын эртеси эле 1-мартта, алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, 24-февралдан тарта доллардын курсу кескин көтөрүлүп, сомдун куну түшүүдө. Улуттук банктын 28-февралда билдирген маалыматына ылайык, бир грамм алтындын баасы 6 913 сомдон сатылууда.