Бүгүн 3-мартта УКМКнын академиясы курулуп баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясын түзүү боюнча Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашып баштаган «УКМК Академиясынын” имаратынын пайдубалына капсула салынды.
Курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты. Заман талабына ылайык курулган болочок “УКМК Академиясында” кыргыз элинин, мамлекеттин коопсуздугун көздүн карегиндей сактап, коргой турган кесипкөй кызматкерлер окуп, даярдалышына тилектештик билдирилди.
Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери өлкөбүздө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок.