7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде 80 жаштагы ардагерге медаль тапшырылды

709

Ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан ардагер Жумабай Токтогуловго ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы тапшырылып, кыргыздын калпак, чепкени кийгизилди. Ал 1942-жылы 3-мартта төрөлүп, бүгүн 80 жашка толду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жумабай Токтогуловду Ноокен РИИБдин начальниги милициянын полковниги Алтынбек Мусаев куттуктап, бекем ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүүсүн каалады. Ошондой эле жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуусуна, милицияда иштеген жылдары топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана акыл-насаатын айтуусуна тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Жумабай аксакал Ноокен РИИБдин жетекчилигине жана Ардагерлер кеңешине ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, ак батасын берди.

Ички иштер органдарынын ардагери милициянын отставкадагы капитаны Жумабай Токтогулов 1965-жылы милициянын Караганды шаарындагы орто мектебин аяктаган. Алгач Ош шаарында участкалык инспектор болуп жумушка орношуп, кийин Бишкек шаарында, Ноокен районунда кылмыш-иликтөө багытында эмгектенген. 1996-жылы ардактуу эс алууга узатылган. Эс алууга чыккандан кийин Кочкор-Ата шаарындагы техникалык билим берүү жайларында дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо сабактарынан мугалим болуп эмгектенген. Жумабай аксакал 3 баланын сүйүктүү атасы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710