Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алды.
Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен муз талаасына чыкты. Оюндун биринчи бөлүгү 4:1 эсебинде Кыргызстандын курамасынын жеңүүсү менен аяктады. Алдыда дагы оюндун эки бөлүгү бар.
Белгилей кетсек, мелдеш шаардык муз аянтында өтүүдө.