«NEXT TV» телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деп кылмыш иши козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган канал «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылды. Экспертиза бул маалыматта кастык козутуучу белгилеп бар деп тапкан.
Бул иш Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен каралууда.