7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот системасын жөнгө салуу боюнча 5 мыйзамды парламент колдоду

660

Сот системасын жөнгө салуучу 5 мыйзам демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, судьялардын XII курултайына билдирди.

«Урматтуу судьялар!

Былтыр президенттин кызматына киришкенде алгачкы кадамдарымдын бири катары сиздер менен жолугушуу өткөрүп, анда сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу ачык-айкын сүйлөштүк эле.

Ошондо мен өзүм сиздерди коргоп, керек болсо сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин деп убада бергем.

Ал эми сиздерден болгону кайраттуулукту, эрктүүлүктү көрсөтүүнү, кандай гана кийлигишүү же кысым болбосун, каршылык кылып бекем туруп, мыйзамдын диктатурасын орнотуп берүүңүздөрдү сурангам.

Андан туура бир жыл өттү, кандай өзгөрүүлөр болду деген суроолор туулат.

Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, өткөн жылы мамлекетибизде конституциялык чоң реформа жүргүзүлүп, бүткүл элдик референдумда жаңы Конституция кабыл алынды.

Конституцияда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон чакырыктар камтылып, биз эл катары баалаган баалуулуктар, коомубуз умтулган идеалдар чагылдырылган.

Ошондой эле Конституциялык реформанын алкагында сот системасын жөнгө салуучу 5 мыйзам демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Аталган мыйзамдар аркылуу соттордун көз карандысыздыгын чыңдоого жакшы шарттар түзүлүп берилди.

Мындан тышкары, судьялардын эмгек акылары жогорулатылып, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшыра башталды. Кудай буюрса, алдыда бул багытта дагы көптөгөн алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылат»,- деди өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661