7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ кызматкерлерине катуу эскертүү берди

873

«Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам. Соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула!»,- деди Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында.

Укуктук, унитардык мамлекетибизде мыйзамдуулуктун жалпы республика боюнча бирдей режими, бирдиктүү жана туруктуу соттук практикасы өкүм сүрүшү абзел. Ага КРнын Жогорку Соту тарабынан өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу мен дайыма айтып келем. Бул ишти тезинен жандандыруу зарыл!

Бир мисал: бир категориядагы иштер боюнча соттук ар түрдүү актылар кабыл алынып жатат. Бирдиктүү соттук практика түзүлбөй, ар кимиси каалагандай чечим чыгара берсе, эч кандай оңолуу болбойт. Тескерисинче, ушундай аракеттерден улам укуктук башаламандык күч алат.

Мындан сырткары, судьянын чечимине карата даттанууларды кароодо жогору турган соттук инстанциялар аларды тыкыр иликтеп, аны жокко чыгарууга негиздүү жагдайлар аныкталса, Жогорку Соттун жетекчилиги алардын себептерин так көрсөтүп, баа берүү багытында тийиштүү иштерди алып баруусу абзел. Мындагы негизги максат — судьянын ишинин сапатын аныктоо болуп саналат.

Сот процессинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Анткени санариптештирүү – бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал — замандын курч талабы!

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, бир жагдайды белгилеп кетейин. Соттук статистикага көңүл бурсак,  жылдан жылга сотторго кайрылгандар көбөйүп, каралган иштердин саны өсүүдө. Бул көрүнүш адамдар сотко барып, өздөрүнүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышат дегенди билдирет.

Ошол себептен, жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы — бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү.

Ушундай жол менен соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө ар бирибиз салымыбызды кошуп, адилеттүү сот системасынын калыптанышына шарт түзүп беребиз.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун!

Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгерде силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей.

Сотторго кысым көрсөткөндүн ордуна, алардын ишине болгон кийлигишүүлөргө ар тараптан бөгөт коюп, андай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсаңар, ошондо сиздер мыйзамдуулуктун сакталышына жана Кыргыз Республикасынын чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салымыңарды кошкон болосуңар!

Курултайдын урматтуу катышуучулары!

Албетте, сот тутумунда өз ишине берилген, ар бир жарандын тагдырына кайдыгер карабаган, чынчыл, адилет чечим чыгарган ак ниет судьялар арбын.

Элге ак ниет кызмат кылган судьяларга, сот кызматкерлерине жана сот системасынын ардагерлерине ыраазылык билдирем.

Сөзүмдүн акырында сиздерди эртеңки “Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү” менен куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат жана жоопкерчиликтүү кызматыңарга албан-албан ийгиликтерди каалайм!”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

874