7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жалал-Абад тазалык» ишканасына жаңы техникалар тапшырылды

1088

Жалал-Абад шаардык Тазалык муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу үч атайын заманбап техникалар берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы техникаларды сатып алууга жалпы 18 млн. 150 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын 12 млн. 150 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган сумма жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Бүгүн алардын абалы менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаевдер таанышып, ачкычтарын тапшырышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1089