7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Аска зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн»

1036

Бүгүн, президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калкым!

Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат.

Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат. Аларды белгилөө менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасында жайылтылып,  өнүктүрүлүп, даңазаланып келет.

Ата-бабаларыбыз эзелтен маданий мурасыбызга аяр мамиле кылып, кастарлап сыйлап келишкен. Элибиздин баш кийимге болгон мамилеси бүгүн да өзгөчө. Анын ысык-суукка бирдей кызмат кылган кийизден жасалышына, калпакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиялык маанисине, жаш курагына жараша кыргактарынын ар кандай түстө болушуна да көңүл бурушкандыгынын өзү эле кыргыз элинин улуулугунун далили десек жаңылышпайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!

Ар дайым аска зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1037