7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчулардын кийиминин дизайнын иштеп чыгууга сынак жарыяланды

758

Кыргызстандын улуттук курама командасынын эл аралык мелдештерде кие турчу параддык-спорттук экипировкасынын дизайнын иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак эки баскычтан туруп, алгач конкурстун комиссиясы курама командалардын кийимдеринин эскизин тандап алат. Экинчи баскычта тандап алынган дизайн Спорт департаментинин социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланат. Добуш берүүгө өлкөнүн бардык жарандары катыша алат.

Белгилей кетсек, сынаккка катышуу үчүн арыздар 15-апрель күнү саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Кошумча суроолор боюнча sport.gov.kg2022@gmail.com электрондук дарегине жазып же 0709 615 122 номерине чалуу керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

759