7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын элчилигинин, Ак үйдүн алдында, «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

625

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орусиянын элчилигинин алдында, «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик аппараттын имаратынын алдында митинг өткөрүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май РИИБи тарабынан кандайдыр бир аракеттерге чектөө киргизүү боюнча арыз түшкөн.  Убактылуу тыюу салуу 11-мартта киргизилген жана 11-апрелге чейин созулат.

«Бишкек шаарында жайгашкан Россия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына митинг өткөрүүгө чектөө коюу жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626