Чүйдөгү каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге бүгүн Токмок шаарынын Зеленая менен Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы аныкталган. Куткаруучулар эркек кишинин денесин суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда анын өздүгү такталууда жана укук коргоо кызматкерлери тийиштүү иш-чараларын жүргүзүүдө.