7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги курулуш компаниялардын биринин башкы директору кармалды

507

Курулуш компаниянын биринин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариусттардын жана Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан туруктуу кылмыштуу топтун бети ачылды.

Тактап айтканда, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Бишкек шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында курулуш компаниянын биринин башкы директору кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508