Карагандада бир нече аялды себепсиз ур-токмокко алган адам кармалды. Бул тууралуу Караганда облустук ички иштер башкармалыгы билдиргенин Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 16-мартта шаардык милицияга мектептин жанынан белгисиз бирөө 14 жаштагы окуучуну сабаганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө тобу барган.
«Жабырлануучу кыз мектептен келе жатканда аны бирөө артынан тап берип, андан соң уруп, качып кеткенин айткан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Темиртау шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды», — деп берилет милициянын билдирүүсүндө.
«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү дагы үч аялды ур-токмокко алганы аныкталган. Ал Карагандага атайын келип, көчөдө жалгыз жүргөн аялдарды аңдып, сабап жүргөн. Алардын баалуу буюмдарын алган эмес, сабап качып кете берген.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.