10 жылдан бери чуркоо, машыгуу, күрөш жана тартип бул менин күнүмдүк жашоом болуп калды. Бул тууралуу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова инстаграм баракчасына жазып чыкты.
«10 жылдан бери чуркоо, машыгуу, күрөш жана тартип бул менин күнүмдүк жашоом. Албетте кыйынчылык күндөр болот. Кандай гана кыйынчылык күндөр болбосун анын бардыгын 30 секунддук учур жеңип кетет. Ал учур пьедесталда туруп Мамлекеттин байрагы көтөрүлүп, биздин гимн ойноп жаткан кез. Ушул 30 секундду тарыхка киргизиш үчүн бардык спортчулар талыкпай эмгектенебиз»,- деген ал.