7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө эки жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам мерт кетти. Жабыркаган 11 адам ооруканага жеткирилди

1039

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында катталган. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринде каза тапкан.

Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылган.  Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1040