Ала-Букада аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 2 жаран 9 баш койду Өзбекстан Республикасына чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышкан.
Бул факты боюнча Ала-Бука РИИБдин МЭЖне “Аткезчилик” (контрабанда) болуп катталып, иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Ала-Бука районунун тургуну 1979-жылкы Ө.У. жана Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну 2002-жылкы Н.У. аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүүлөр мал базарга Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаа менен барышып, мал базардан 9 баш койду жалпы 78 000 сом акчага сатып алышкан. Ал койлорду Өзбекстан Республикасынын “Илхом” аттуу тургунуна өткөрүү үчүн Ала-Бука районунун Актам айылындагы чек арага жакын жерге алып баргандыгы такталган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.