Экологиялык милициянын кызматкерлери эки браконьерди аныкташты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Тору-Айгыр айылынын көл жээгинен, жергиликтүү эки тургун мыйзамсыз балык кармагандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлери 34 жаштагы эки жарандан 26 даана Сига-Лудога балыгын табышкан.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (мыйзамсыз аңчылык кылуу, же болбосо балыкты, суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголду. Экспертердин корутундусунун жыйынтыгы менен жалпы чыгым 55 миң сомду түздү. Тергөө амалдары уланууда.