7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашты

768

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушууда борбор калаанын муниципалитети менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Мэр Кытай өкмөтүнө, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ду Дэвэн Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин эске салды. Шаардык кызматтар эскиздик долбоорун даярдоолору зарыл.

Мындан тышкары, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү, үчүнчү фазасынын башталышы жана борбор калаада санариптештирүүнү тездетүү маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769