7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Таза суу маселеси чечилет». Акылбек Жапаров Оштогу Данги участогунда кичи ГЭС куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырды

783

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош жана Баткен облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул аймакка кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүн көп жылдардан бери чечилбей келген ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилет.  Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорду жактырып, бардык укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын билдирди.

Андан соң Министрлер кабинетинин көрагасы катарлаш жайгашкан Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, антикризистик чаралар, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогрулатуу, күндө керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын жогорулашына жол бербөө жана жер тилкелерин трансформациялоо боюнча Министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784