Москва районунда касапкананын кызматкерлери менен журналисттердин ортосунда чыккан чыр боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-апрелде Москва РИИБге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен касапканалардын кызматкерлери ортосунда чыр чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тергөө тобу чыккан. Аталган факты каттоого алынган.
«Милицияга 3 журналист арыз менен кайрылып, аталган касапкананын ээсине чара көрүүнү суранган. Алардын айтымында, жаран күч колдонуу менен видеокамерасын жана анын флеш-картасын тартып алганын айткан. Кийинчерээк касапкананын ээси да арыз менен кайрылып, уруксаты жок видео тартып жүргөнүн билдирген»,- деп айтылат маалыматта.