7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда окуган Асел: «Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө тасма аркылуу салым кошкум келет»

1492

«Чет элдеги мекендештер» рубрикабыздын кезектеги каарманы 26 жаштагы Асел. Ал учурда Түркия мамлекетинде радио, телевидение жана кино бөлүмүндө магистратурада окуйт. «Бир тилди билем деп айтардан мурда аны түш жоругандай жоруш керек» деген Асел Түркиядагы жашоосу менен бөлүштү.

— Саламатсызбы, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз

— Саламатсызбы, менин атым Асел. 26 жаштамын. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Туу айылында туулгам. 5 бир тууганмын. 2 эжем, 2 байкем бар. Ата-энем өмүрүн мугалимдик кесипке арнап келе жаткан инсандар. Мен 2018-жылы Кыргыз – Түрк Манас университетинин радио , телевидение жана кино бөлүмүн аяктаганмын. Журналистика тармагында 11-классты бүткөндөн кийин эле иштеп баштагам. Түркиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарында стажировкадан өткөм.

Азыркы учурда эмне менен алектенесиз?

— Учурда Түркия мамлекетинде “Сельчук” университетинде магистратураны аяктап жатам. Дипломдук ишимди бүтүрсөм, анан дагы көрөбүз. Балким окуумду дагы улантам, же убакыт көрсөтөт.

Түркияга окууга кантип тапшырып калдыңыз? Жаңы барганда кыйынчылыктар болдубу?

— Түркияга «Спутник» радиосунда иштеп жатканда “Түркия стипендиялары” деген программаны утуп алгам. Бул аябай ынгайлуу программа. Студенттерге бардык шарттарды түзүп берет. Ошол программа аркылуу келгем. Максатым билим алуу менен бирге эле саякаттоо болчу. Азыркы учурда максаттарым орундалып жатканына абдан сүйүнөм. Түркия жан дүйнөмө абдан жакын, өзгөчө Стамбул шаары. Албетте Кыргызстандын орду башка. Ал жакта төрөлүп өстүм бирок, 1 жылдай убакыт Стамбулда жашагым келген. Эң алгачкы жолу Стамбулга 2017-жылы “Жаш медиа” адистеринин фестивалында катышканда келгем. Ошондо бул өлкөгө келип, жашайм, окуйм деп ниет кылгам. Ниетим ишке ашканына кубанычтамын.

Кыйынчылыктар тууралуу айтсам, өтө деле кыйынчылыктар болгон жок. Себеби бул өлкөгө мурда келип жүргөм. Анан да өзүм жакшы көргөндүктөн бат эле көнүп кеттим. Негизи биздин өлкө менен чоң деле айырмачылыктары жок. Мусулмандардын өлкөсү. Тамак-аштар боюнча дагы кыйынчылыктар жаралган жок, анткени туристтик өлкө болгондуктан бардык ыңгайлуу тамактар каралган. Болгону жакындарымды, мекенимди, жумушумду сагынган учурлар болуп турат. Буларды кыйынчылыктар деп эсептебейм, ушундай бир учурлар болот деп айта алам.

Түркиядагы билим системасы менен биздин өлкөдөгү системанын айырмачылыктары ?

— Билим берүүдөгү эң эле чоң айырмачылык бул албетте, коррупциянын жоктугу. Университеттердин абалы Кыргызстандыкына салыштырмалуу жогору деп ишенимдүү түрдө айта алам. Мен Кыргыз-Түрк Манас университетин бүткөн үчүн бул жактагы университет экөөнүн билим берүү системасы окшош. Ошондуктан көп кыйынчылык жаралган жок. Бирок сабактардан кыйналсам керек деп ойлогом, анткени магистратуралык иште баарыбызга маалым болгондой, көбүнчө жазуу иштери менен алек болушум керек, а мен болсо көбүнчө практикага жакынмын. Критикалык ой жүгүртүү бул жакта жакшы. Мисалы айта кете турган болсом, сабак учурунда биз кабарлардагы, жаңылыктардагы айымдардын көрүнүшү, негизи эле медиада кандай ролду ойноп жатат деген анализ жасап көргөндө, тилекке каршы жалпы эле телеге чыккан айымдардын бир гана жүзү маанилүү. Ал эми бул өлкөдө анын бир гана жүзү эмес, ар кайсы тараптары анализденет. Ушул нерсе Кыргызстанда көбүрөөк болсо жакшы болмок.

— Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

— Жалпы айтканда, өзүмдү өстүрүү менен алектенем. Психологиялык китептерди окуйм, кызыгам. Андан тышкары саякаттайм. Түркиянын ар бир шаарын көрүп чыккым келет. Ар бир шаарынын, жада калса райондорунун эли, стили, атмосферасы башкача. Айтор бири-биринен аябай өзгөчөлөнөт. Башка жакта жүргөндө дагы өзүңдүн элиңди ойлойсуң. Түркиянын кино тармагында, туристтик тармакта биз үйрөнө алчу, кыла алчу эмнелер бар экенин саякаттын негизинде билип, келечекте Кыргызстанга ошол тармактарда салым кошкум келет.

— Түркиянын эли кандай экен?

— «Жаман улут жок, жаман адамдар болот» деген сөз бар го, ошол сыяктуу эле ар кандай. Жалпылап айтканда, менин чөйрөмдөгү адамдар абдан жакшы, сылык жана позитивдүү. Көбүнчө байкаган нерсем, “yardım severlik” деп коёт, жардамга кол сунганга ар дайым даяр адамдар. Бир жолу көчөнү сурап калгам, мага түшүндүрүп, жада калса көрсөтүп берген учурлары да болот. Жардам бергендерине аябай ыраазы болосуң.

— Канча тил билесиз?

-Негизи ушул суроо көп берилет.  Бир тилди билем деп айтуудан мурда, ошол тилди түш жооругандай билүү керек деп ойлойм. Бир дагы тилди толук кандуу өздөштүрө элекмин. Жадагалса кыргыз тилин дагы толук билбейм деп ойлойм. Ойлорумду айтып, текст жаза алган тилдерим бул: түркчө, орусча, кыргызча, англисче, анан бир аз арабча. Бирок расмий түрдө болгондо, баары бир кыйналып калам.

— Жумушунузга кайтсак, диктор болуп дагы иштегенсиз. Алып баруучу болуу үчүн сөзсүз эле жогорку окуу жайды бүтүү керекпи?

— Алып баруучу болуш үчүн сөзсүз түрдө окуу жайды бүтүрүү керек эмес. Бирок журналист болуш үчүн жогорку билим болсо жакшы болот. Анткени бул сфера ар тараптуу, дал ушул чөйрөдө тажрыйбалуу же болбосо мыкты болом дешсе окуш керек. Билим — маанилүү.

— Алдыдагы пландарыңыз, жеке жашоонуз тууралуу айта кетсеңиз

— Мен магистратурада окуганга чейин бүт нерсени пландап алыптырмын да. Жогорку окуу жайда окуйм, эл аралык агенттикте иштейм, кыска метраждуу фильм тартам, фестивалдарга катышам, Кыргызстандын атын чыгарып, башка өлкөгө барам деп. Анан ошол нерселер чындыгында, Кудайга шүгүр ишке ашты. Азыр болсо, плансыз жашап көрөйүн деген этапка өттүм окшойт. Көбүнчө жашоодон ырахат алып, учур чак менен жашаганы аракет кылып жатам. Баарын убакыт көрсөтөт. Жеке жашоо тууралуу болсо, коомчулукка жарыялабаганды туура көрөм. Жараткандын буйругу менен бардык нерсе өз убагында болот.

— Биздин окурмандарга кеңеш

— Ар бир секунддун, мүнөттүн маанисин билип жашаганга чакырат элем. Анткени бул өмүр аябай эле кыска. Акыркы учурдагы окуялар мага көп таасирин тийгизди окшойт. Пандемия ошондой эле согуштар… Ким канча жашарын Кудайдан башка эч ким билбейт, ошол үчүн ар бир көз ирмемдин кадырын билип жашаганга чакырам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1493