УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. «Абдил Сегизбаев күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылды. Соттун өкүмү менен эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.
Абдил Сегизбаев өткөн жылдын январь айында «Белизгейт» деп атыккан иш боюнча камакка алынган.