7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Центерра» кыргыз тарапка 50 млн доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет

960

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, өлкөнүн элине кайрылуу жасап, мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык экенин билдирди.

«Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Эмесе, мен сиздерге макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берейин.

Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, «Центерра» бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – „Центерра“ кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз «Кумтөр» кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген», — деди президент кайрылуусунда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

961