7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Центерра» кыргыз тарапка каршы козголгон бардык дооматтарды токтотмой болду

529

«Центерра» АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду»,-деп билдирди Садыр Жапаров кыргыз элине болгон кайрылуусунда.

«Центерра» 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты. «Центерра» АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми «Кыргызалтын» ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда «Центерра» аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз. 

Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды.

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам.

Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз  бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек.

Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз. 

Созулуп кетсе, ири инвестдолбоорлордон куру калмакпыз, арбитраждык соттук процесстер бүтмөйүнчө инвесторлордун ишеними солгундап, республикага сырттан финансылык каражаттарды тартуу оорломок, өлкөгө тыйын дагы, товар дагы келбей кала турган коркунучка кептелмекпиз.

Бул талаш-тартыштын башынан аягына чейин биз улутташтыруу жөнүндө таптакыр сөз жок экендигин айтып, ишендирип келдик.

Бул маселеде Кыргызстан чет өлкөлүк компанияга каршы чыккан жери жок. Кептин баары конкреттүү „Кумтөр“ кенин башкаруу  маселеси жөнүндө болуп жатат.

Биз баарыбыз «Кыргызстан бизнес үчүн дайыма ачык» деп айтып келебиз. Биздин мыйзамдардын үстөмдүгүн жогору койгон, биздин улуттук активдерге жана улуттук кызыкчылыктарыбызды сыйлаган инвесторлорго  ар дайым ачыкпыз жана кучак жайып тосуп алабыз.

Бул макулдашуу  дал мына ушуну айгинелеп турат»,- деди Садыр Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530