7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жакынкы 10 жылда «Кумтөрдөн» 5 млрд доллар киреше алабыз

578

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, «Кумтөр» маселеси боюнча кайрылуу жасады. Анда президент жакынкы 10 жылда «Кумтөрдөн» 200 тоннага чейин алтын казыларын билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

«Сүйлөшүүлөр абдан оор болду. Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук.

Башында бизди эл аралык коомчулукка «жапайы, баскынчы» катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге  өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук.

Биз үчүн маанилүүсү — Кыргызстандын жана кыргыз элинин кызыкчылыгы эле. Акырында эң баштапкы сүйлөшүп жаткан позицияларды түп-тамырынан өзгөртүүгө жетише алдык. Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Биздин чечим  эл аралык арбитраж боюнча дүйнөдөгү эң мыкты юристтердин колдоосуна негизделди жана алардын бизге берген кеңеши да ушундай болду.

Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр  баалап, таразалап көрүңүздөр.

Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз.

Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин  алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган  эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат.

Учурда тышкы карыздарды кайтаруунун убактысы жетип, жылына ири өлчөмдөгү каражатты төлөөнүн мезгили келгенин билесиздер. Бүгүн белгилей кетчү жагдай, Кумтөрдү көзөмөлүбүзгө алган соң эми тышкы карызды төлөө маселесинде өзүбүздү ишенимдүү сезип, жеңилденип калдык.

Биз сырттан сатып алып жаткан товарлардын: буудай, шекер жана өсүмдүк майынан тартып, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жер семирткичтерге чейин баалары қымбаттап жатканын эске алсак, жаңы эле жарыялаган шарттарда Кумтөр боюнча макулдашууга жетишүүнү кечиктирбөө —  учурдун талабы жана кабыл алынган чечимдерге негиз болгондугуна ынанабыз.

Мамлекет башчысы катары мен чечкиндүү жана кечиктирилгис кадамдардан баш тартпайм. Элдин жоопкерчилигин мойнума алгандан кийин создуктурууга жол бере албайм»,- деди президент.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579