7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022-жылдын I кварталы үчүн салык чогултуу 1 млрд 125,9 млн сомго ашыкча аткарылган

692

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдиргендей, 2022-жылдын I кварталы үчүн салык чогултуу белгиленген планга карата –103,2%га, же 1 млрд 125,9 млн сомго ашыкча аткарылган.

«2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 167,3%ды түздү. Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө токтолсок, бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулууда, анын ичинде 22 миң 173 даанасы – аппараттык-кассалык машиналар жана 22 миң 862 даанасы – программалык кассалык машиналар», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы аталган ишти улантуу керектигин белгиледи.

«Мамлекеттик банктар тарабынан POS-терминалдар орнотулган заманбап контролдук-кассалык машиналар бекер берилет. Биз контролдук-кассалык машиналарды колдонууга өтүүнү мүмкүн болушунча жеңилдетүүгө аракет кылдык, бул абдан маанилүү жана зарыл иш», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле автоунаалардын жүк ташуу көлөмү боюнча кытай тараптын маалыматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтары менен дал келбегендиги маселесине токтолду.

«Маалыматтардын дал келбестиги 2000ден ашык унааны түзөт, мунун себебин такташыбыз керек. Кытай тарап көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жеткенин билдирди. Бизде такыр башка сандар көрсөтүлүүдө», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы жана үч күндүк мөөнөттө дал келбестиктин себебин аныктоо тапшырмасын берди.

Жапаров белгилегендей, президенттин жарлыгына ылайык, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

«Ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан реалдуу финансылык каржылоо менен бекемделген Антикризистик план кабыл алынды. Бул тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча коюлган план толугу менен гана эмес, ашыкча аткарылышы керек дегенди билдирет», — деп белгиледи ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693