7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 10 кабаттуу үйдөн боюн таштоону көздөгөн аял куткарылды

763

Бишкекте өз жанын кыюуну көздөгөн аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 18:00дөр чамасында болгон. “112” кызматына чалуу түшүп, курулуп жаткан 10 кабаттуу үйдүн чатырында аял киши өз жанын кыюуга аракет кылып жатканын кабарлаган.

Окуя орун алган жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулар тобу барышкан. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө аялдын көңүлүн башка жакка буруп, куткаруучулар аны кармап калышкан.

Медициналык жардам көрсөтүлүп, аял киши тез жардам кызматынын дарыгерлерине жана милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764