7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери илимий-техникалык кызматташтыкты талкуулашты

638

8-апрелде Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин илим жана техника министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинин алкагында Кыргызстан билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Өзбекстан Республикасынын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахмоновдун эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун башында Алмазбек Бейшеналиев өзбек тарапка жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир катар маселелер бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Министрлер эки министрликтин ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттырууга жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Атап айтканда, Бейшеналиев алгачкы этапта биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоо үчүн кыргыз-өзбек илимий фондун негиздөөнү, ошондой эле биргелешкен илимий, инновациялык жана стартап долбоорлорду уюштурууну сунуштады. Ошол эле учурда Бейшеналиев өзбек тараптын эки өлкөнүн илимий кызматкерлери үчүн илимий конференцияларды, тегерек столдорду жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруп, өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу тууралуу демилгесин колдоого алды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды биргеликте жүзөгө ашырмай болушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639