Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиршти.
Төмөнкү даректерде объекттер алынды:
- Ч.Валиханов атындагы көч. №1/2 дарегиндеги бетон тосмолор алынып салынды;
- Тагай-Бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объект;
- Сыдыков көчөсүндөгү темир бастырма;
- «Чыгыш-5» кичи районундагы темир конструкция;
- Лермонтов көчөсүндөгү күркө;
- Огонбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги плов сатылып жаткан күркө;
- Жибек-Жолу-Турусбеков кесилишиндеги капиталдык курулуш;
- Коенкөзов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жеңил объект;
- Тагай-Бий жана Тунук көчөлөрүнүн кесилишиндеги чач тарач;
- Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал;
- «Ала-Тоо» кафеси (Тыныстанов көч.).