Жалал-Абадда сабиз сактоочу кампада 3 эркек адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, окуя Ала-Бука районунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада 3 эркек адам иске ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн (аты-жөндөрү жана иске уулангандын себеби такталууда).
Жерине ӨКМнин Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.