7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда алгачкы жолу мэрдин кубогу үчүн көк бөрү өттү

728

9-апрель күнү Сузак районундагы “Телтору” ат майданында Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилер, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэрдин кубогу үчүн Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын, шаардык кеңештин, аймактык башкаруулардын атынан жалпы 7 команда күч сынашты.

Спорттук иш-чарада шаар мэри Эрнисбек Ормоков улуттук оюндарды, анын ичинде көк бөрү оюнун өнүктүрүү, жаштарды спортун бул түрүнө кызыгуусун дагы да арттыруу максатында кубок өткөрүүнү демилгелегенин баса белгилеп, мындан ары улуттук оюндарга жыл сайын өзгөчө көңүл бурулаарын кошумчалады.

Көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогун шаардык кеңештин атынан чыккан команда жеңип, кубок жана баш байге 50миң сомго ээ болду. Экинчи орунду Жалал-Абад бажылык борборунун атынан чыккан команда камсыздап, 30миң сом акчалай сыйлык алды. Үчүнчү орунду “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгынын командасы жеңип, 20миң сом байгеге ээ болгон болсо, 4-орунду “Дост-Курулуш” компаниясынын командасы ээлеп, 10миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми Тайгараев аймактык башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин командалары атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартышты.

Мэрдин көк бөрү боюнча кубогунда мыкты оюнчу наамы жана акчалай сыйлык оюндарда өзгөчөлөнгөн Арген Абдуллаевге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мэрдин кубогу Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729