Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын Алай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринде жашаган тургун байланышка чыкпай жаткандыгы жана батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, батирдин эшигин ачышканда, ичинде 53 жаштагы А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.