7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө кызмат адамдары 720 миң сомдук зыян келтиришкен

528

Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө кызмат адамдары 720 миң сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун дирекциясынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштардын көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529