Эртең, 14-апрелде кээ бир аймактарда өткүн өтүп, жамгыр жаайт. Ал эми бийик тоолу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12° болсо, күндүз 20…22 градус болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
- Талас жергесиндетүнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнү 11…16, күндүз 23…28,
- Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17,
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.