20-апрелден баштап «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы «Красноярск-Бишкек-Красноярск» багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, каттам жумасына 1 жолу жекшемби күндөрү аткарылат.
Белгилей кетсек, аталган авиакомпания 10-апрелден баштап «Иркутск-Бишкек-Екатеринбург» багыты боюнча каттамды аткара баштаган. Каттам жумасына 1 жолу бейшемби күндөрү аткарылууда.