7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто синтетикалык баңгизаттарды сатып алектенген аялдар кармалды

841

Ошто баңгизаттарды сатып алектенген аялдар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында “Г” аттуу азият улутундагы аял киши баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында “Г” аттуу аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарынын жашаган жерлери боюнча сатып жүргөндүгү аныкталган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатуу аракетин жасоо учурунда КРнын жарандары, 1976-жылы туулган К.Ш., 1983-жылы туулган Т.Н. аттуу жарандар кармалган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “альфа PVP” психотроптук заты болуп аныкталган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

842