Ошто жарандардын жардам берүү ниетинен пайдаланып, алдоого кынык алышкан жубайлар кармалышты. Алардын үстүнөн 13 арыз түшкөн. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан жарандардын телефондорун алдап алышып, из жашырып жүрүшкөн жубайлар кармалышты. Алар 1996- жылы туулган А.М.жана анын аялы 2002-жылы туулган И. Г. аттуу жубайлар. Алар Ош шаарына Өзгөн шаарынан келип кылмыш жасап турушкан.
Бул жубайлар бир нече алдамчылык кылмыштарына шектүү катары кармалышып, күйөөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизиди. Аялынын боюнда бар болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
«Экөө теӊ мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан. Жубайлардын үстүнөн Ош шаарынын аймагындагы жеке такси кызматын көрсөтүшкөн айдоочулардан арыздар келип түшкөн. Бул кылмыштуу үй- бүлө айдоочулардын кызматынан пайдаланып, андан соӊ, мобилдик телефондорун ар кандай жалган шылтоолорду айтышып, чалып алуу үчүн телефондорун убактылуу сурап турушкан. Телефон ээси алаксый түшкөн учурда из жашырып кетип турушкан.
Жабырлануучулардын биринин арызына караганда, шектүү И.Г. аны Ош шаардык ооруканасына чейин жеткирип коюуну өтүнгөн. Андан соӊ «апам ооруканада жатат. Кандай дарылар керек экендигин дарыканадан сурап билип алайын, телефонуӊузду берип турунуз, меники заряды түгөнүптүр» деп алдап, изин жашырган»,- деп берилет маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн алдамчылык боюнча (209-берене) тергөө иштери жүрүп жатат.