7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт

647

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648