Бишкекте батирлердин биринен 76 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-апрель күнү Свердлов районунун Лермантов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен 76 жаштагы С.П. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.