Ошто оор кылмыш жасаганга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын тургуну 1986-жылы туулган Маданов Төлөгөн Урубаевич изделүүдө.
Бою: 170-175 см, кара тору, толмоч жүздүү, чачтары кыска алынган.
Кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү кепка, кара түстөгү кышкы куртка, көк түстөгү джинсы шым.
Өзгөчө белгиси: Сол кашынын үстүндө калы бар.
«Шектүү тууралуу маалымат болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө: 0501-15-07-07, 0554-65-65-65, 0777-45-96-78 номерлери аркылуу байланышка чыгып коюӊуздар. Маалымат берген тараптар тууралуу жашыруун сыр сакталат»,- деп берилет билдирүүдө.