7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кантта зордуктоого кабылган 15 жаштагы өспүрүм күрөө тамырын кескен

1037

Кант шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусу күрөө тамырын кескендиги маалым болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрель күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө, 1983-жылы туулган К.Н. аттуу жаран чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Кант шаарындагы мейманканалардын биринде 2007-жылы туулган жашы жете элек кызынын зордукталгандыгын айткан.

Жабырлануучунун айтуусу боюнча 2021-жылдын октябрында «Telegram» социалдык тармагы аркылуу К.А. аттуу бала менен таанышып, кийин алар достошуп баштаганын түшүндүргөн. 2022-жылдын 24-февралында саат 13:00дөр чамасында жолугушушуп, бала кыздын мас абалынан пайдаланып, шаардагы мейманканалардын биринен жыныстык катнашка барган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, иштин жагдайларын тактоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда бул факты боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Ата РИИБнин жетекчилиги тарабынан кысым көрсөтүлүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Учурда иликтөө иштери мыйзам чегинде көзөмөлгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1038