7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Суу айылында 83 үй-бүлөгө 200 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

499

Ыйык Рамазан айынын урматына карата Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук мечитте аз камсыз болгон 83 үй-бүлөгө 207 500 сомдук жардам берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү ишкерлер колго алып, ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдук тамак-аш азыктарын беришти.

«Кайрымдуулук иштери жылдык планыбызда четте калган эмес. Тамак-аштан, кийим-кечеден, ден соолугуна байланыштуу дарыдан  кыйналган бир туугандарыбызга жардам көрсөтүүдө болгон аракетибизди жумшап келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай саамалыктар ар  жылы  салт катары уюштурулат»,- дейт  баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500