Улан-Батор шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.
Жуманазарова 68 кг салмакта алгачкы атаандашы казакстандык Мадина Бакбергеновду 5:0 эсебинде утуп алган. Кореялык Сужин Паркты дагы 10:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.
Ал эми жарым финалда монголиялык Делгерма Энксайханды 7:2 эсебинде утту.