Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы «Илбирс» имаратынын фасады жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Илбирс» имараты Биринчи май райондук администрациясынын демилгеси менен жаңыланды.
«Фабриканын жетекчилиги бул демилгени колдоп, өз каражатына фасадды оңдоп жатат. Келишим боюнча объектте подрядчы «АльпМонтаж» ЖЧКсы иш алып барууда»,- деп берилет маалыматта.