7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медиктердин эмгек акысы 50 пайызга көтөрүлдү

805

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөктөрү жана кошумча төлөмдөрү сакталып, 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала баштайт.

Маалыматка ылайык, бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталды (айыл, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) жана эмгек акысына кошулуп берилет.

Саламаттык сактоо министрлиги жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ведомствого караштуу саламаттык сактоо уюмдарын каржылап, ушул жылдын 25-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдары эмгек акыларды эсептеп төлөй баштайт.

Эмгек стажысы барларга саламаттык сактоо системасында иштеген жылдары үчүн кошумча:

  • 5 жылдан 10 жылга чейин 10% чен менен
  • 10 жылдан 15 жылга чейин 20% чен менен
  • 15 жылдан ашык болсо 30% чен менен.

Эскертүү, кенже тейлөөчү персоналдан тышкары.

Ал эми квалификациялык категория боюнча үстөк кызматтык маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сакталат жана белгиленет:

  • жогорку квалификациялык категория — 50%;
  • I квалификациялык категория — 30%;
  • II квалификациялык категория — 10%.

Эскертүү: саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине квалификациялык категория ыйгаруу аттестациянын негизинде жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин, адистерин аттестациялоо КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

Айкалыштырып иштөө боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.

Мисалы:

  • 6 жылдык стажы бар, категориясы жок айылдык ооруканада иштеген дарыгердин айлык акысы жогорулаганга чейин 9 001 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 13 518 сомдун тегерегинде болот; эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда.
  • 17 жылдык иш стажысы бар жогорку категориядагы врач, жогорулатканга чейин — 142 52 сом, жогорулатылгандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда эмгек акысы 21 403 сомго жакынды түзөт.
  • шаардык поликлиникада (ҮМБ) иш стажысы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгерге жогорулаганга чейин — 10 000 сом, жогорулатылгандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда, 15 136 сомдун тегерегинде болот.
  • айыл жериндеги жогорку категориясы жана 16 жылдык иш стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин — 19 000 сом, жогорулагандан кийин эмгек акысы эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 28 758 сомдун тегерегинде болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

806