7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген «Ак илбирсти» аткандар кармалды

685

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн Кызыл китепке кирген «Ак илбирстин» териси баш сөөгү менен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБне жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында, шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айылынын 37 жаштагы Д.М., аттуу тургуну болгон.

Аталган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактар жана “Ак илбирстин” эки метрге жакын териси менен баш сөөгү табылган.

Шектүү тергөө кызматына берген көрсөтмөсүндө, аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткендигин билдирген.

Экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталып, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызыл китепке кирген жаныбарды сырттан атып келгендигин айткан. Ошондой эле анын үйүнөн тиешелүү уруксат документтери жок ок атуучу курал-жарак табылган.

Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686