7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси кызматташуу планына кол койду

774

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосундагы 2022-жылга министрлик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда кызматташуу планына кол коюлду.

Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилешти:
  • Жаштардын көп тараптуу дипломатия жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүн түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган жыл сайын ЕККУнун моделин уюштуруу;
  • «Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси» улуттук изилдөөсүн жүргүзүүдө эксперттик колдоо көрсөтүү;
  • өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар адистери үчүн 6 айлык квалификацияны жогорулатуу курсуна колдоо көрсөтүү;
  • Стратегиялык пландаштыруу боюнча Борбордук Азиялык окуу курсун өткөрүү.
Биз өнөктөшүбүз менен Кыргызстандын тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн жаштар саясатын ишке ашырууда мындан ары да кызматташууга даярбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775