7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Чынбаева менен ЕБ өкүлчүлүгүнүн делегаттары балдардын укугун коргоо маселесин талкуулашты

604

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бүгүн, 27-апрелде, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн делегаттары менен балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мындан аркы биргелешкен ишти талкулоо үчүн жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандын Европа Биримдиги (ЕБ) менен балдардын укугун коргоо жаатында кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу талкуулашты.

Асел Чынбаева Кыргызстандын ЕБ менен көп жылдык өнөктөштүгү бар экенин белгилеп, өз ишинин негизги милдеттерин, пландарын жана идеяларын белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы жалпысынан, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга байланыштуу азыркы кырдаалга талдоо жүргүзүүнүн жана өлкөдөгү балдар боюнча бирдиктүү маалымат базасын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде ЕБ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук менеджери Йотам Лерер Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгесин колдоп, “Адилеттүүлүк бардыгы үчүн” жана башка программалардын алкагында балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605