Тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу, тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К.га айып коюлган.
«Жалпы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, апрель айында “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди»,-деп берилет билдирүүдө.